Кечээ, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек киши 50 баш кой жана 1 аты менен кар көчкүнүн алдында калган.
Кырсык тууралуу Кызыл-Ой айылынын башчысы Жайыл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен 13-февралда түнкү саат 03:00дөн тартып ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан жана ведомстволук түзүмдөрүнөн жалпы 24 куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине жөнөтүлдү.
Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.