“Агродиалог-2026” агроөнөр жай форумунда чемпиондорду сыйлоо боюна байге фонду 1 миллион сом. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин иш-чараны уюштуруу комиссиясы маалымдады.
Белгилей кетсек, быйыл “Агродиалог-2026” форумунда айыл чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы багытында иштеген 40 чемпион аныкталат. Алар Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кызыл килемден өтүп, акчалай сыйлыктар жана медалдар салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Иш-чаранын максаты – тажрыйба алмашуу, үрөндүн жаңы сорттору боюнча маалымат алуу жана ишкерлер менен фермерлердин ортосунда жаңы байланыштарды түзүү.
Агродиалог форуму быйыл 3-ирет өтүп жатат. Былтыр “Агродиалог-2025” форумунун алкагында 164 презентациялар көрсөтүлүп, 265 киши өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду алышкан. Форумдун жүрүшүндө 214 меморандум, келишим, макулдашуулар түзүлгөн.
Быйылкы иш-чаранын өзгөчөлүгү – форум эл аралык деңгээлде өтөт. Катардан, Кытай Эл Республикасынан жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу эксперттер келип, биздин фермерлерге пайдалуу маалыматтарды айтып беришет.
Иш-чара 18-19-20-февраль күндөрү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде, ал эми салтанаттуу бөлүгү 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.