"Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" (JDS) долбоорунун алкагында отчеттук жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага JDS долбоорунун Кыргыз Республикасындагы уюштуруучу мамлекеттик органдын жетекчиси жана Башкаруу комиссиянын тең төрагасы катары Агенттиктин директору Э.Н. Жантаев жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити катышты.
Отчеттук жолугушуунун максаты — JDS программасынын максаттуу университеттеринин профессорлорунун талапкерлер менен болгон маектеринин жыйынтыгы боюнча Башкаруу комиссиясынын мүчөлөрүнө кайтарым байланыш берүүсү болду.
Жолугушууда максаттуу университеттердин профессорлору программанын экинчи туруна катышкан талапкерлер менен өткөрүлгөн маектердин жыйынтыгы боюнча өз баалоолорун сунушташты.
Агенттиктин директору Э.Н. Жантаев катышуучуларга ыраазычылык билдирип, JDS долбооруна өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө маани берилерин, стипендиаттар сапаттуу билим алып, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле тандоо процессинде ачык-айкындуулук жана атаандаштык принциптери так сакталуусу маанилүү экенин айтты.
Мындан тышкары, директор долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылдыгына токтолуп, JDS программасынын алкагында региондордо эмгектенген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге да көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, региондордогу кадрлардын кесиптик потенциалын жогорулатуу жалпы мамлекеттик башкаруунун сапатын арттырууга өбөлгө түзөт.
Өз кезегинде Хирано Рюити жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, JDS программасы Кыргыз Республикасында натыйжалуу ишке ашырылып жатканын айтты. Анын маалыматына ылайык, программанын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү бүгүнкү күндө бөлүм башчыларынан тартып министрлерге жана министрлердин орун басарларына чейин жетекчилик кызматтарды аркалап келишет.