Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 16-февралдагы өзүнүн жыйынында 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо катталган талапкерлердин шайлоо төгүмдөрүн кайтаруу жөнүндө токтом кабыл алды.
Белгилей кетсек, №13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого 25 талапкер катталып, бюджетке 7 млн сом шайлоо төгүмүн төлөшкөн.