Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 17-февралда өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльдар Сулаймановдун ырастамасы жараксыз деп таанылат.