Бишкек–Ош жолу убактылуу жабылды
Новость

Бүгүн, 17-февралда саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Учурда Бишкек –Ош жолу бардык автоунаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды.

Алдын ала маалымат боюнча, жол бетине түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт.

Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.