Бишкек-Нарын-Торугарт автожолуна кар көчкү түштү
Новость

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун  Кара-Үңкүр капчыгайынын 291-302-304-чакырымына кар көчкү түштү.

Капчыгайдын үч тилкесине түшкөн кɵчкүнүн болжолдуу көлөмү 1600 м³ түздү. Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.

Жеринде №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан керектүү техникалар тартылып тазалоо иштери жүрүүдɵ