Кыргызстанда учурда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө негиз жок жана мыйзамдуу түрдө кадимки шайлоо цикли колдонулат.
Президент Садыр Жапаровдун, өзүнүн ыйгарым укугунун мөөнөтү жана президенттик шайлоону өткөрүү жол-жобосун чечмелеп берүү тууралуу өтүнүчү боюнча Конституциялык сот ушундай бүтүм чыгарды. Конституциялык соттун корутундусуна ылайык Кыргыз Республикасында кезектеги президенттик шайлоо тиешелүү Конституциялык Мыйзамдын негизинде 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде , же кийинки жылдын 24-январында өткөрүлөт.