Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы жана үч министрдин талапкерлигин жактырды
Новость

Парламенттин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана үч министрдин кызмат ордуна сунушталган талапкерлер каралып, эл өкүлдөрү алардын дайындалышына макулдук берди.

Талапкерлерди Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында:

 • Жумгалбек Шабданбеков - УКМК төрагасы,

 • Акыл Токтобаев - жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри,

 • Урматбек Шамырканов - өзгөчө кырдаалдар министри,

 • Талантбек Солтобаев - транспорт жана коммуникациялар министри кызматтарына дайындоого макулдук берилди.