Жапаров: “Биздин максатыбыз — Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу”
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-февралда, “Ала-Арча” жаратылыш паркында гондоль тибиндеги асма жолдун ачылышына катышты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Бүгүнкү салтанаттын ардактуу меймандары, кымбаттуу өнөктөштөр!

Бүгүн биз сиздер менен өлкөбүздүн сыймыгы болгон “Ала-Арча” жаратылыш паркында салтанаттуу иш-чаранын күбөсү болуп турабыз. Өзүңүздөргө жакшы маалым, акыркы жылдары мамлекет тарабынан “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы инфратүзүм толугу менен жаңыланып, туристтер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Биз бир саамдан кийин мына ошондой инфратүзүмдү жакшыртууга багытталган дагы бир долбоордун – өлкөбүздө алгачкы жаңы асма жолдун расмий ачылышын жасайбыз. 

Ушундан улам, “Жакшы тилек — жарым ырыс” дегендей, жаңы асма жолубуз элибизге ак кызмат кылып, арышы арта берсин!

Баарыңыздарды ушул кубанычтуу саамалык менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Узундугу 1 чакырымды түзгөн, саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире ала турган бул асма жол – “Ала-Арчага” келген жарандар жана чет өлкөлүк меймандар үчүн жаңы шарт, жаңы мүмкүнчүлүк.

Аталган асма жол дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” (“Doppelmayr”) компаниясы тарабынан курулду. Учурда аталган компания Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан “Ала-Тоо резорт” (“Ала-Тоо Resort”) ири тоо-лыжа комплексинде да асма жолдорду салып жатышат. Бул — Кыргызстанда тоо туризмин системалуу, сапаттуу жана заман талабына ылайык өнүктүрүү жүрүп жаткандыгынын айкын далили.

Биз бул асма жолду узартуунун экинчи этабы аркылуу “Ала-Арчаны” комплекстүү өнүктүрүүнү улантабыз. Экинчи этап көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, жалпысы 12 чакырым аралыкты камтып, улуттук парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын болгон аймактарына чейин барат.

Бул долбоор ишке ашканда, жалпы элибиз да, чет өлкөлүк туристтер да кыргыз тоолорунун ажайып жаратылышын, кайталангыс кооздугун өз көзү менен көрүп, Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 

Албетте, бул аракеттер өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Бүгүнкү күндө “Ала-Арча” жаратылыш паркында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Асма жол менен катар, бул жерде бардык шарттары каралган заманбап коттедждер курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Мындай заманбап эс алуу жайлары күнөстүү жергебизге келген меймандардын – туристтердин тоо койнунда, шаркыраган суу жээгинде керемет эс алуусун камсыз кылат.

Ошону менен бирге, учурда заманбап родельбан курулуп жатканын да уктуңуздар. Мындан тышкары, бассейни менен заманбап беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү да мерчемделүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында “Ала-Арча” жаратылыш паркынын кирешеси олуттуу өскөнүнө токтоло кетейин. Эгерде 2020-жылы парктын кирешеси 29 млн сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 млн сомдон ашты. Бул — киреше дээрлик 9 эсеге өстү дегенди билдирет.

Акыркы жылдары бардык мекеме-уюмдар толугу менен санариптештирүүгө өткөрүлгөнүн билесиздер. Бүгүнкү күндө ушул сыяктуу мамлекеттик мекемелерде накталай акча кабыл алынбайт, төлөмдөр электрондук форматта жүргүзүлөт. Бул чечимдер ачык-айкындуулукту камсыздап, адам факторун азайтып, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга бекем негиз түздү.

Албетте, мындай жетишкендиктер жүргүзүлгөн системалуу реформалардын жана санариптештирүүнүн натыйжасында мүмкүн болду. Дегеле мунун баары мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруунун, тартиптин жана санариптик реформалардын түздөн-түз жыйынтыгы болуп саналат.

Биздин максатыбыз — өлкөбүздүн туристтик потенциалын толук пайдалануу жана Кыргызстанды тоо туризми жаатында дүйнөгө таанытуу!

Бул багытта Ала-Арчада, Ысык-Көлдө жана дегеле Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап туристтик инфратүзүм түзүү боюнча иштер мындан ары да улантылат. Себеби өлкөбүздүн жети дубанында тең дүйнө эли суктанып көрө турган таза табиятыбыз, керемет жерлерибиз, агын сууларыбыз арбын.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бүгүн ачылып жаткан бул асма жол жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор — маанилүү иштерибиздин бир бөлүгү болуп саналат.

Учурдан пайдаланып, бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон бардык өнөктөштөрүбүзгө, адистерге, куруучуларга ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге, ички жана тышкы инвесторлорго ар дайым ачык экенибизди бул ирет да айта кетейин. Мен түрдүү тармактарды өнүктүрүүгө инвестиция салам деп келген ишкерлерге мамлекет тарабынан болушунча шарттар түзүлүп жатканын дайыма баса белгилеп айтып келем жана мындан ары да инвесторлордун ишмердигине ыңгайлуу жагдайларды түзө бермекчибиз. Алардын ишине ыксыз текшерүүлөргө мораторий дагы киргиздик. 

Бүгүнкү иш-чарада күч түзүмдөрүн да эскерте кетейин. Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла, кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула. 

Ишкерлер ирденип алса, салыктык төлөмдөр дагы көбөйөт, кошумча жумуш орундары дагы түзүлөт, мамлекетибизге, эли-журтубузга бардык жагынан пайда да гана алып келет. Ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылып, салыктарын жаап-жашырбай, ак иштейт деп үмүт кылам. 

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Жогоруда айтканымдай, туризм жаатындагы долбоорлорубуз аркылуу бир эсе туристтердин агымын көбөйсө, бир эсе жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.

Кыргызстан — ак илбирс мекендеген кереметтүү тоолордун, эс алууга эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү экенин дүйнөгө далилдейли!

Баарыңыздарды бүгүнкү саамалык менен чын дилимден куттуктаймын!

Асма жолубуздун келечеги кең болуп, элибизге кызмат кыла берсин!

Алдыга койгон арбын тилек, ой-максаттарыбыз ишке ашсын!

Көңүл бурганыңыздарга чоң ыракмат!”