Нарында жаш дарыгерлерге шарт кандай?
Новость

Нарын облусу боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер, эндакринолог, онколог, анестезиолог–реаниматолог, акушер-гинеколог, инфекционист, хирург, терапевт сыяктуу 143 врач жетишпейт. Дарыгерлер жетишсиздигин жоюу боюнча аракеттер көрүлүп 2025-жылы “Дарыгердин депозити” программасы аркылуу 31 жаш дарыгер келип иштеп жатат. Ошондой эле облустун саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилеринин аракетинин натыйжасында 39 врач-ординатор мамлекеттик практикаларын өтөп, тажрыйбалуу дарыгерлер менен бирдикте иш алып барышууда.

Жаш дарыгерлерди колдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан турак жай менен камсыз кылуу колго алынып жергиликтүү бюджеттен каражаттар бөлүнгөн. Алсак, Ат-Башы районунда оорукананын жанындагы имарат турак жай катары ремонттолууда. Бул үчүн “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунан 2 миллион  800 сом бөлүнгөн. 

Ал эми Кочкор районунда  жаш врачтардын батир акысы үчүн Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 мин сом бөлүнгөн. Ошондой эле жаңы салынып жаткан оорукананын жанына жатакана курулат. Жумгал районунда жеке менчиктен кайтарылып алынган имаратты  капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 11 миллион  48 миң сомдун долбоору даярдалып  “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондуна даярдалууда. Бул имарат да дарыгерлер үчүн жатакана катары берилмекчи.