Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы шайланган мэрди Ош шаарынын мэриясынын жамаатына жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине расмий түрдө тааныштырды.
Белгилей кетсек, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык Жеңишбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жанарбек Акаев дайындалган.
МинКаб башчысы Жеңишбек Токторбаевдин шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымына ыраазычылык билдирип, Жанарбек Акаевге буга чейин башталган иштерди ырааттуу улантып, ийгиликтүү жыйынтыктоону тапшырды.
Жыйындан соң Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы дайындалган шаар башчысын кабинетине алып барып, кызмат ордуна отургузду. Ал жаңы мэрге алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарууга чакырды. Жаңы жетекчи өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шаарды өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын айтты.
Ал эми мурдагы шаар башчысы эмгек жамааты менен коштошуп, жетишилген ийгиликтер ар бир кызматкердин мээнетинин жыйынтыгы экенин баса белгиледи. Ошондой эле башталган иштерди аягына чыгаруу жана шаардын өнүгүүсүнө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилеп кетти.