Ушул жылдын январь айында КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө көмөк сурап кайрылган.
Анын айтымында, жолдошу менен үч жыл мурда ажырашып, дароо эле алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылган. Кадамжай райондук соту арызды канааттандырып, мурдагы жолдошун тапкан кирешесинин 50 пайызын алимент катары төлөөгө милдеттендирген. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148 сомдон, төрт балага жалпы 12 594 сом болуп эсептелген.
Арыз ээси билдиргендей, мурдагы жолдошу 2024-жылга чейин алиментти өз убагында төлөп келген. Андан кийин төлөмдөр жарым-жартылай которулуп, 2025-жылы такыр токтоп калган. Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматына кайрылуусу да натыйжа берген эмес.
Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматына расмий суроо-талап жөнөткөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аялдын мурдагы жолдошу Россияда эмгектенип жүрүп, 2024-жылы каражат которгону аныкталган. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, тактап айтканда аялдын банктык эсеби бөгөттөлүп калгандыктан, акча каражаты ага жетпей калган.
Жыйынтыгында, 2025-жылга карата алименттик карыз 151 128 сомду түзгөн. Институттун кызматкерлеринин көмөгү менен тараптар келишимге келип, эркекке алименттик карызды толугу менен 15-мартка чейин төлөө милдеттендирилди. Февраль айында ал мурдагы жубайына 111 миң сом которгон.
Аялдардын жана балдардын укугун коргоо Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. 2025-жылы Институтка алимент өндүрүүгө көмөк сурап 56 кайрылуу түшкөн.