Соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун "Манас шаары мурунку аталышын алат экен" деген өңдүү маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт.
Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат.