Кафе жана ресторандарда эсептешүү учурунда кардарга фискалдык чек милдеттүү түрдө берилиши керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.
Фискалдык чек — төлөмдүн катталганын жана салыктардын бюджетке түшүшүн тастыктаган, ошондой эле керектөөчүнүн укуктарын коргогон жалгыз документ.
Салык кызматы жарандарды кафе жана ресторандарда төлөм жүргүзүүдө фискалдык чекти талап кылууга чакырат.