Манас шаарында 6 мектеп курулат
Новость

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 10 жана Манас шаарында – 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.

Аталган тапшырманын алкагында бүгүн, 25-февралда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, ошондой эле тиешелүү жетекчилер жана подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы мектептер курула турган жайлар менен жеринде таанышышты.

Манас шаарында курулуучу объектилердин тизмеси:

1. Көк-Арт муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасы, Достук кичи көчөсү 25/2 дарегинде – 375 орундуу жаңы мектеп;

2. Курманбек муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Г. Мамбеталиев көчөсүндө – 650 орундуу жаңы мектеп;

3. Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Чолок-Терек айылы, А. Керимбеков көчөсү 167 дарегинде – 275 орундуу жаңы мектеп;

4. Спутник кичи шаарчасы, Р. Азизов көчөсү 13 дарегинде жайгашкан мектепке – 650 орундуу кошумча корпус;

5. Достук муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу №5 Б. Осмонов атындагы орто мектепке (Л. Фурманов көчөсү 5) – 275 орундуу кошумча корпус;

6. Достук кичи шаарчасындагы №21 Ж. Болотов атындагы орто мектепке – 275 орундуу кошумча корпус.

Белгилей кетсек, аталган мектептердин курулушун ушул жылдын 1-сентябрына чейин бүткөрүү пландалган. Ага болжол менен 3 млрд сомдой каражат сарпталат.