Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Албанияда өтүп жаткан MUHAMET MALO–2026 рейтингдик турниринде 70 кг чейинки салмак категориясында чемпион аталды.
Балбан мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач учурдагы Европа чемпиону Ибрагим Ибрагимовду (Орусия) 4:3 эсебинде жеңди. Чейрек финалда молдовалык Василий Дьяконду 6:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда казакстандык Майис Алиев менен болгон курч кармаш 12:9 эсеби менен Акматалиевдин пайдасына чечилди. Финалда ал АКШнын өкүлү Алек Уильям Панталеону 3:2 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
Ошентип, Эрназар Акматалиев эл аралык рейтингдик турнирде алгачкы алтын медалды алып келди.