Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль утту
Новость

Кыргызстандык балбан Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO–2026 эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медалга ээ болду.

Ал мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде жеңди. Чейрек финалда АКШнын өкүлү Куинси Мондейди 5:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. 

Жарым финалда грузиялык Георгий Элбакидзе менен күрөшүп, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.

Финалдык беттеште Токтомамбетов ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп, мелдешти күмүш медаль менен жыйынтыктады.