Бишкек шаарында эртең, 3-марттан тартып жаңы №62 автобустук каттам ишке кирет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка караганда, каттам Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин созулуп, экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.
Электробустар Б.Алыкулов көчөсү, Л.Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.
Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.
«Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.
Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланыларын эске салабыз», — деп айтылат мэриянын маалыматында.