Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт
Новость

Мэриядан билдиргендей, 5-мартта турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштары.

 "Ала-Тоо" суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. 

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.