Кыргызстандын аймагынан акиташты ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
Новость

Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коддору менен классификациялануучу) Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. 

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга товарларды мыйзамсыз алып чыгуунун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырмалары берилди.