Садыр Жапаров: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши уланууда
Новость

“Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, Ата Мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат”,-деп билдирди өлко башчы Садыр Жапаров.

“Бириккен Араб Эмираттарында учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу, Оман өлкөсү менен сүйлөшүп, эки учак жалдап 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. 

Кудай буюруп, БАЭден учуп-конууга уруксат берилсе, калган жарандарыбыздын баарын бир күндө алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет. 

Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет.

Баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам”,-деди Садыр Жапаров.