Бул тууралуу президенттин маалымат жана саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
(Билдирүү өзгөртүүсүз берилди)
Урматтуу кесиптештер!
2024-жылы журналистика жана медиа тармагында эмгектенген кызматкерлерди шыктандыруу максатында Президенттин “Мейкин” сыйлыгы уюштурулуп, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөн.
Демилгебизди Президентибиз колдоого алгандан кийин, сыйлыкты тапшыруу тартиби жана номинациялар боюнча журналисттердин катышуусунда кеңешме өткөрүлгөн. Жыйында калыстар тобу тандалып, аларга сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо милдети жүктөлгөн.
Кезектеги “Мейкин” сыйлыгын өткөрүү боюнча кеңешме пландап жатабыз. Кеңешмеге медиа өкүлдөрүн, журналисттерди жана блогерлерди катышууга чакырабыз. Анда, жаңы сунуштарды талкуулоо менен бирге, калыстар тобунун мүчөлөрүн кайрадан карайбыз. Себеби, мурдагы калыстар тобунун арасында Кыргызстандан көчүп кеткен жана башка жумуштарга которулгандар бар.
Улуттук тарых музейи, 2026-жылдын 6-марты, саат 14:00
Жыйынга катталуу:
0557 56 56 91
0557 08 20 21