Жиддадан келе жаткан кыргызстандыктар 16:00дө Бишкек менен Ошко конот
Новость

4-мартта жарандарды Мекенине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам аткарылууда.

Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен Кыргыз Республикасынын 90 жараны, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жараны жеткирилери күтүлүүдө.

Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасына болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.

Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.