Адылбек Касымалиев сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Новость

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот тутумунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — 5-март Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн —адилеттикти жана Мыйзамды коргоого багытталган ишиңиздерге  ыраазычылык билдирүүгө өзгөчө себепкер болууда. Адилеттүүлүк, конституциялык укуктарды коргоо жана укуктук тартипти сактоо ишине салымыңыздар укуктук мамлекетти калыптандырууда жана бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ.

Сот тутуму мыйзамдуулуктун таянычы жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун ишенимдүү кепилдиги, инсан, коом жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын адилет тең салмактуулугун камсыз кылган негизги институт болуп саналат. Сиздердин күнүмдүк ишиңиздер терең кесиптик билим менен бирге кынтыксыз калыстыкты, бекем принциптерди жана жогорку моралдык жоопкерчиликти талап кылат. Ишке берилип жана Мыйзамга кызмат өтөө менен коомчулуктун сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдеп, өлкөдө укуктук маданияттын туруктуу негиздерин калыптандырып жатасыздар.

Сот тутумунун ардагерлерине өзгөчө  ыраазычылык билдиргим келет. Алардын билими, тажрыйбасы жана кесипке берилгендиги улуттук сот адилеттигинин өнүгүшүнө бекем пайдубал түзүп, жаш муундагы судьялар жана сот аппарат кызматкерлери үчүн үлгү болуп кызмат кылууда.

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутуму туруктуу өнүгүү динамикасын көрсөттү. 2021–2025-жылдары сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө, сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана кесиптик жоопкерчилик механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган конституциялык жана институционалдык реформалардын комплекси ишке ашырылды. Ченемдик-укуктук база жаңыртылып, объективдүү баалоо жана конкурстук тандоо жол-жоболору киргизилди, бул кадрдык потенциалды бекемдөөгө жана судьялык карьеранын ачыктыгын камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө.

Судьялардын ишинин көлөмү  олуттуу өскөндүгүнө карабастан укук колдонуу практикасында туруктуулук сакталып, иштерди кароо мөөнөтү создуктурулган жок. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо жүргүзүлүп,  жаңы сот имараттары курулууда, судьялардын социалдык-экономикалык кепилдиктери жакшыртылууда. Тактап айтканда, көз карандысыз сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн татыктуу шарттар түзүлүүдө.

Сот тутумунун стратегиялык багытына айланган санариптик трансформациялоо этап-этабы менен ишке ашырылууда: автоматташтырылган маалыматтык системалар, электрондук документ жүгүртүү, сот актыларынын мамлекеттик реестри жана «Санарип сот» порталынын кызматтары өнүгүп, заманбап, ачык жана жеткиликтүү сот өндүрүшүнүн модели калыптанууда.

Кыргыз Республикасынын сот тутуму адилеттүүлүктүн ишенимдүү кепилдиги, мамлекеттүүлүктүн таянычы жана өлкөнүн укуктук жана демократиялык өнүгүүсүн бекемдеген институт катары жылдан жылга өркүндөй беришине аракеттер арбын болот.

Урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери!

Сиздерге зор ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты каалайм.

Майрамыңыздар кут болсун!”.