Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Кырсык Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылындагы үйдө болжол менен саат 2:00дө чыккан.
Тилсиз жоодон төрт бала каза болду: улуусу 7 жашта, кичүүсү 3 жашта. Өрттү эки өрт өчүрүүчү бригада таңкы саат 4:00дө өчүргөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 02:00дө Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 02:24тө Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жалпы 2 бөлүм өрттү өчүрүү иштерин жүргүзгөн.