Чыңгыз Токтобеков Стамбул шаарынын Фатих районунун мэри менен жолугушту
Новость

Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков менен Стамбул шаарынын Фатих районунун мэри Эргүн Турандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча кеңири маселелер талкууланды.

Башкы консул Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институттук реформалар тууралуу маалымат берип, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.

Өз кезегинде Эргүн Туран эки элдин тарыхый жакындыгын жана руханий туугандыгын белгилеп, ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу иш байланышын сактоого жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташууну улантуу боюнча макулдашты.