Бүгүн, 4-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктоочу коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, министрдин орун басарлары, ошондой эле министрликтин борбордук аппаратынын, облустук башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери жана бөлүм башчылары катышты.
Жыйында өлкөнүн курулуш тармагындагы негизги жетишкендиктери, бир жыл ичиндеги аткарылган иштер жана алардын сандык, сапаттык көрсөткүчтөрү, эл аралык кызматташуунун жыйынтыктары жана иштелип чыккан долбоорлор боюнча баяндамалар жасалды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө курулуш тармагы туруктуу позитивдүү өсүштү көрсөтүп жатканын жана өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экендигин белгиледи.
"2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 миллиард сомго салыштырмалуу 438,5 миллиард сомду түздү. Ошентип, тармак алты жылда сегиз эсеге өстү", — деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Ал ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча Кыргызстандын курулуш тармагындагы өсүш 2024-жылы 31%дан ашканын, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенин кошумчалады.
Маалымдалгандай, 2021-жылдан бери мамлекет тарабынан курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылып, рекорддук көрсөткүчкө жетишүү жана 936 социалдык объектинин курулушун бүтүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Социалдык инфраструктурага капиталдык салымдар да кыйла өстү: 2021-жылы 2,7 миллиард сом инвестицияланган болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13,2 миллиард сомго жетти.
Ошондой эле, Курулуш министри Нурдан Орунтаев өзүнүн баяндамасында 2026-жылга коюлган негизги пландарга токтолду.
Коллегиянын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев министрликтин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө “жакшы” деген баа берип, курулуш тармагындагы башталган реформаларды улантуу, курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу жана алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.