Ак калпак саамалыгы УТРК дагы бүгүн мына ушундай аталышта белгиленди. Башкы директорубуз Улан Сатиев баштаган мырзаларыбыз ак калпак кийип, улуттук баш кийимге болгон сый-урматын көрсөтүштү. Бул саамалык Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын алкагында уюштурулуп жаткан улуттун улуу күндөрүнүн бири.
Албетте, ак калпакты күнүгө кийүүгө эмнеге болбосун? Биздин техникалык жана чыгармачылык жамаатыбыздагы мырзалардын көпчүлүгү калпак кийүүнү адатка айлантып алышкан. Улуттук телерадиодо иштеген кызматкерлер үчүн улуттук баш кийимди кийип жүрүү көзгө жагымдуу көрүнөт. Мындан келечек муун өрнөк алаары талашсыз.
Элибиздин тарыхын жана маданиятын, улутубуздун аң-сезимин чагылдырган ак калпагыбыз башыбыздан түшпөсүн, улутубуздун сыймыгы жана руханий мурасы болгон Ак калпагыбыз кылымдарды карытсын!