Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза суунун тарифин жогорулатуу сунушун коомчулук сынга алды. Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул маселе боюнча өз оюн билдирип, сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
“Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза сууга болгон төлөмдүн тарифин жогорулатуу сунушун айтып чыгып, айрымдар тарабынан сынга кабылып жатат. Негизинен депутат туура айтат. Туугандар, чынында эле таза сууну эбегейсиз ысырап менен пайдаланабыз, мойнубузга алалы.
Себеби, баасы ит бекер. Бети-колун жууп жатканда сууну агызып коюп, күзгүнү тиктеп тура бергендерди канча көрөм? Сиздер деле күндө байкасаңыздар керек. Сакал алып жаткан кезде эч ким сууну жаап койбойт, бул күн сайын ар бир үйдө кезигүүчү ысырапчылык.
Иче турган таза суу менен огород суугарып, чарба иштерине пайдалангандар четтен чыгат. Ал эми дүйнөдө тамчы сууга зар болгон өлкөлөр бар. Суу маселеси келечекте глобалдык көйгөйлөрдүн бирине айланат, жакшы билесиздер.
Аны айтпаганда деле, учурдагы ар бир үйгө жетүүчү таза суунун тейлөөсүнүн чыгымдары өзүн актабайт. Ошондуктан, тариф маселесин көтөргөн эл өкүлүн сындагандан алдын, ар бирибиз сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнөлү. Аталарыбыз деле, “суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор”-деп насаатын айтып кеткен”,-деп жазды Орунбеков.