Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эржелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет менен тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров демилгеге коомчулуктан сын-пикирлер айтылганын эске алып, Ички иштер министрлигине тапшырма берди.