Бүгүн, 5-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 302-304-чакырым аралыгында кар көчкү түштү. Кечээтен бери бул аралыкта түшкөн көчкүнүн жалпы көлөмү 12 миң метр кубду түздү. 11 тилкеден түшкөн көчкүнүн үчөө унаа жолду бөгөп калган.
Мындан улам Бишкек-Нарын -Торугарт унаа жолу Оттуктан жана Сары-Булактан убактылуу жабылды. Жолду тазалоого №41-Жол тейлөө ишканасынын эки техникасы тартылып, жол үч-төрт саат аралыгында эки тараптуу ачылып, каттам калыбына келтирилди.
"Долон" кар көчкү станциясынын башчысы Нурбек Исабаев аталган жолдун 294-307-чакырым аралыгында көчкү түшүү кооптуулугу жогору экенин билдирип, айдоочуларды унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого жана кар көчкү түшүп жатканда жолго чыкпоого чакырды.
"28-февралдан 5-мартка чейин кар жаап тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү болоору эскертилип шашылыш билдирүүлөр берилген. Бул билдирүү 4-марттан 10-мартка чейин узартылды. Суу кар жаап жаткандыктан кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Андыктан айдоочулар да, жүргүнчүлөр да эскертүүлөрдүн талаптарын сактоолору керек",- деди Нурбек Исабаев.