Катарда круизде калган кыргызстандыктар мекенге келет
Новость

Катар мамлекетинде круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Дохадан Сауд Араб королдугуна жолго чыкты. 

Бардыгы 134 жаран. Алар автобустар менен Эр-Риядга келип, ал жактан Бишкекке учушат. 

Уюштуруу, чек аралардан жарандарды алып өтүүнү сүйлөшүү иштери менен бул өлкөлөрдөгү элчиликтерибиз, Тышкы иштер министрлиги жүргүзүүдө. 

Дохадан чыккан жарандар Эр-Рияддан учак менен Кыргызстанга 8-март кечинде келери күтүлүүдө. 

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү акыркы кырдаалдан улам ал жакта калып кеткен жарандарыбызды Кыргызстанга алып келүү тапшырмасын берип, уюштуруу иштери жеке көзөмөлүндө.

Буга чейин Бириккен Араб Эмираттарынан атайын эки рейс учак менен 260 кыргызстандык мекенине алынып келген.