Бишкекте 12 мектептин курулушу жүрүүдө
Новость

Бишкек шаарында жаңы билим берүү мекемелеринин курулушу уланууда. Учурда Ленин районунда 6 мектеп, ал эми Октябрь районунда дагы 6 мектеп салынып жатат.

Маалыматка караганда, бардык объектилерде курулуш иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта мектептердин даярдык деңгээли орточо 5–10 пайызды түзөт.
Ошондой эле бардык мектептер белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берилет.