Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясында сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын гендердик теңчиликти илгерилетүүгө, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоого жана Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер платформасынын, аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенциянын, ошондой эле 2030-жылга чейинки мезгилге туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибинин алкагында эл аралык милдеттенмелерди аткарууга болгон туруктуу берилгендигин ырастады.
Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мамлекет мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы чечкиндүү күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Ал Кыргызстан мындай кылмыштарга нөлдүк сабырдуулук принцибин карманарын жана мыйзамдарды жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүнү улантып жатканын белгиледи.
Ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерин сактоо, ошондой эле заманбап чыр-чатактар шартында жарандык калкты, биринчи кезекте аялдарды жана балдарды коргоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
«Дүйнө чыр-чатак зоналарындагы аялдардын азап-тозокторуна көз жумуп, аялдардын укуктары жөнүндө ишенимдүү айта албайт. Аялдарды коргоо эл аралык коопсуздуктун ажырагыс бөлүгү болушу керек», - деп билдирди Эдил Байсалов.
Кыргызстандын делегациясынын башчысы Бириккен Улуттар Уюму теңчилик маселелеринде үлгү болушу керектигин да белгиледи.
«Биздин Уюмдун дээрлик сегиз он жылдык тарыхында Бириккен Улуттар Уюмун Башкы катчы катары аял киши жетектөөгө убакыт келди – жана бул эбак эле бышып жетилген», - деп баса белгиледи ал.
Учурда Комиссиянын 70-сессиясынын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, бир катар министрликтердин жана Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун өкүлдөрүнөн турган өкүлчүлүктүү делегациясы катышууда.
Делегация пленардык жыйындарга, тематикалык талкууларга жана көптөгөн кошумча иш-чараларга активдүү катышууда. Сессиянын алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын аялдардын укуктарын илгерилетүүгө, сот адилеттиги институттарын чыңдоого жана аялдар менен кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган бир катар улуттук иш-чаралары жана презентациялары өткөрүлөт.