Караколго жаңы мэр: өлкөдө кадрдык өзгөрүүлөр болду
Новость

Каныбек Адиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Талантбек Иманов Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.

Буга чейин Талантбек Иманов Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кызматын аркалап келген. Ал аталган кызматтан бошотулду.

Мындан тышкары, Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Анын ордуна Кутман Мамыров аталган агенттиктин директору болуп дайындалды.