Зарылбек Тыныбек уулу Бакай-Ата районунун акими болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Зарылбек Тыныбек уулу Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.

Тескеме 6-мартта кабыл алынган.

Жаңы акимди райондук активге Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев тааныштырды.

Зарылбек Тыныбек уулу 1990-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда туулган. Жогорку билимдүү.

Ал эмгек жолун ар кыл мамлекеттик мекемелерде улантып келген. 2018–2020-жылдары «Кыргызжылуулуккоммунэнерго» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалында жетекчинин орун басары болуп иштеген. 2019–2021-жылдары Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты болгон.

2021–2025-жылдары Жалал-Абад сууканал башкармалыгын жетектеп, андан соң 2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын март айына чейин Манас сууканал башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалаган.