Өлкө боюнча Нарын шаарында биринчи жолу электр энергиясын же көмүр отунун колдонбой жылуулук берүү ыкмасы тажрыйба катары ишке киргизилип, жылуулук системасын сыноо башталды. Бул максатта “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан 192 миллион 423 миң сом бөлүнгөн.
Долбоордун алкагында М. Сыдыков чөлкөмүндөгү откана реконструкцияланып, жабдуулар 2500 кВт кубаттуулуктагы заманбап аба аркылуу иштей турган жылуулук насосторуна алмаштырылды. Учурда бул система аркылуу 800дөн ашык турак жайга жана 5 мекемеге жылуулук берилүүдө.
Долбоор ишке ашса, электр энергиясын үнөмдөөгө шарт түзүлүп, ишкананын чыгымдары 69 пайызга чейин кыскарары күтүлүүдө. Мындан тышкары, жаңы система экологиялык жактан таза, санариптик башкарууга ээ жана туруктуу жылуулук менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Белгилей кетсек, аталган чөлкөмдө буга чейин иштеп келген электр отказандары 1987-жылы орнотулган жана эскилиги жеткен. Мындан улам жылына 13 миллион 424 миң 634 кВт жылуулук энергиясы сарпталып, чыгым көп болгон. Жаңы орнотулган жылуулук насостору аркылуу 9 миллион 813 миң 834 кВт электр энергиясын үнөмдөө мүмкүнчүлүгү жаралары болжолдонууда.
Маалымат үчүн: “Нарын жылуулук берүү” муниципалдык ишканасынын карамагында 30 откана бар. Алардагы 60 казан аркылуу 72 бюджеттик мекемеге жана 2 миң 603 абонентке жылуулук берилет.