Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду
Новость

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.