Балдар үчүн кандай whatsapp пайда болот?
Новость

WhatsApp 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын аккаунттарды киргизет. Бул тууралуу Meta компаниясы  билдирет.

Жаңы аккаунттар ата-энелер тарабынан түзүлүп, толугу менен алардын көзөмөлүндө болот. Балдар билдирүү жөнөтүү менен чалуу функцияларын гана колдоно алышат. Бардык жөндөөлөр коопсуз түзүлөт.

Ошондой эле ата-энелер балдары менен ким байланышарын, кайсы топторго кошула аларын жана белгисиз адамдардан келген билдирүүлөрдү көзөмөлдөй алышат.