Быйыл 13 333 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет
Новость

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 11-мартка карата республика боюнча “Социалдык контракт” программасы аркылуу каражат алууга 1825 арыз түшкөнүн билдирди.

Маалыматка караганда, учурда 607 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, анын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында ишке ашууда. Арыздарды кабыл алуу уланууда.

Быйыл программа алкагында 13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет.

“Социалдык контракт” программасы 2022-жылдан бери иштеп келет. Төрт жыл ичинде 48 557 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, алардын көпчүлүгү айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда.