«Кыргызкөмүр» 2025-жылы көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди
Новость

"Кыргызкөмүр" ААК 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча көмүр өндүрүшүнүн көлөмүн 1 миллион 385 миң тоннага жеткирди. Учурда ишкана Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30 пайызын камсыз кылган ири өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

Жыл ичинде көмүр казып алуу көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өстү. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 миллион 700 миң куб метрди түзүп, план 20 пайыздан ашыкка ашыгы менен аткарылды.

2025-жылы ишкана беш жаңы көмүр кенин ачты. Алардын жалпы баланстык запасы 133 миллион тоннадан ашат. Учурда көмүр казуу иштери сегиз участокто, тогуз лицензиянын негизинде жүргүзүлүүдө.

Ички рынокту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилди. Натыйжада ишкана өндүргөн көмүрдүн 40 пайыздан ашыгы борбор калаанын жылуулук-энергетикалык муктаждыктарына багытталууда.

Мындан тышкары, ишкананын техникалык базасын жаңылоо иштери да уланууда. 2025-жылы 46 даана атайын техника сатылып алынып, Кара-Кече кен жайында эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилди.

2025-жылы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулуп, «Кыргызкөмүр» ачык акционердик коому болуп түзүлдү. Ошол эле учурда акциялардын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде сакталды.

Финансылык жыйынтыктар боюнча ишкана 2025-жылы 511 миллион сомдон ашык таза пайда тапты.

2026-жылы "Кыргызкөмүр" көмүр өндүрүшүнүн көлөмүн мындан ары да көбөйтүп, ресурстук базасын кеңейтүүнү пландоодо. Жыл аягына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңы көмүр участокторун ишке киргизүү каралууда.