Бул жаңылык дарыгерлерди кубантат
Новость

1-апрелден тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы 100% көбөйөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Ошондой эле президенттин фондунан ар бир дарыгер менен медайымга ай сайын 15 миң сомдон кошумча төлөнөт.

Мындан тышкары аймактарда иштеген дарыгерлер үчүн депозиттин көлөмү кварталына 66 миң сом болот. Буга чейин, 2024-жылга чейин, бул сумма 43 033 сом болгон.