Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагындагы ыпылас сууларды чыпкалоочу жай толук жаңыртылып, дагы 3 миң абонент саркынды суу тутумуна жаңы кошулат. Бул үчүн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы (ЕБРР) аркылуу 5 миллион 500 миң евро каржыланууда. Бул каражаттын 2 миллион евросу насыя катары берилсе, калган сумма грант.
ЕБРРдин бул экинчи фазадагы долбооруна Ак-Коргон жана Интернат аймагынан 6, ал эми РТС чөлкөмүнөн 6 чакырым саркынды суу системасын тартуу жана ал сууларды чыпкалоочу жайды талаптагыдай куруу кирген. Долбоор өткөн жылы башталып РТСтан эки, Интернат менен Ак-Коргондон төрт чакырымда тиешелүү жумуштар бүткөн.
Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Айбек Орозобаев долбоордун аткарылышы боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат берип, долбоорду кытайлык компания ишке ашырып жатканын кошумчалады. Анын айтуусунда, ыплас сууларды тазалоочу жай 1968-1975-жылдар аралыгында курулуп ага келген суу механикалык гана тазалоодон өтөт. Эми долбоор алкагында ал жай толук жаңыланып ыплас суулар үч этапта механикалык, биологиялык жана химиялык тазалоодон өтүп, андан соң Нарын сууга кошулат. Мындай жол менен тазалоо 95 пайыз жыйынтык берет деп болжолдонууда.
Долбоорду ишке ашырууда мүчүлүштүктөр болбошу үчүн тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул үчүн атайын окуудан өткөн көз карандысыз техникалык көзөмөлдөөчү иш алып барат. Долбоор 2027-жылдын аягы менен бүтүп колдонууга берилет.