Алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөөдө. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка караганда, алтындын унциясы 5000 доллардан төмөн сатылууда.
Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү.
Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%га төмөндөп, унциясы 77,775 долларды түздү.