Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 18-марттан 23-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

- Бишкек - Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу);

- Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);

- Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 201-205- 260-290- жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);

- Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.