Нарын шаарында быйыл Нооруз майрамы өлкө жетекчилигинин катышуусунда республикалык денгээлде өзгөчө белгиленет. Учурда ага карата кызуу даярдык көрүлүп, мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоолор көрсөтүлүүдө.
“Нооруз майрамынын республикалык денгээлде белгилениши Нарын шаарына чоң жардам болду. Өлкө башчы тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлдү. Калаабыздын борбордук бөлүгүндөгү имараттарда ондоп-түзөөлөр, парктарда, көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жасалды. Атайын техникалар келди. Бөлүнгөн каражаттар максаттуу жумшалып, анын баары шаар үчүн калат.
Маданий иш-чаралар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Алардын 500дөй кызматкери келип даярдык көрүшүүдө. Буюрса, майрам жакшы денгээлде өтөт. Алыс-жакындан миндеген конокторду күтүп жатабыз. Майрамдык салтанатка келе тургандар көп болгондуктан мүмкүнчүлүккө жараша 20-30 жерде акысыз даам ооз тийүү уюштурулат. Ошондой эле эл аралык уюмдардан, облустан чыккан атактуу инсандарыбыз, райондордон меймандар чакырылууда”,-деди дубан башчы Нурбек Сатаров.
Ошондой эле калаанын борбордук аянтына жети боз үй тигилип, боз үйлөр, улуттук тамак-аштар, көл өнөрчүлөрдүн сынактары өтөт. Бул үчүн мамлекет тарабынан 700 миң сомдук акчалай байгелер коюлууда. Мындан тышкары сүмөлөк даярдоо боюнча сынакка демөөрчүлөр тарабынан байгелер ыйгарылат. Салтанатка келген конокторго кыргыздын каада-салттары көрсөтүлүп, эл арасында улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын күндүзгү концерттик программасы тартууланып, кечкисин гала- концерт жана фейерверк менен жыйыныкталат.