Кенияда катуу жааган жамгырдан улам болгон суу ташкындарынан каза болгондордун саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эң көп жабыркаган аймак — борбор калаа Найроби болуп, бул жерде 36 адам каза болгон. Мындан тышкары, суу ташкынынын кесепетинен болжол менен 2,6 миң үй-бүлө турак жайын таштап чыгууга мажбур болуп, инфраструктурага чоң зыян келтирилген.
Учурда өлкө боюнча издөө-куткаруу иштери улантылууда. Милиция жарандарды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого жана адистердин сунуштарын так аткарууга чакырууда.
Синоптиктердин маалыматына караганда, жакынкы күндөрү жаан-чачын кайра күчөшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, Кенияда суу ташкындары 6-марттан бери уланууда. Катуу жамгыр коңшу Эфиопия өлкөсүнө да олуттуу зыян келтирип, өлкөнүн түштүгүндө болгон жер көчкү жана суу ташкындарынан кеминде 107 адам каза болду.