Токтогул районунда ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү багытында маанилүү долбоор ишке ашырылды. Донор райондук суу чарба башкармалыгынын каржылоосу менен 30 гектар кайракы жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.
Жакынкы күндөрү аталган аянтка интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Долбоордун алкагында 15 гектар жерге алма, ал эми дагы 15 гектарга Кокон гиласынын көчөттөрү отургузулат. Белгилей кетсек, бакчалар бир сорттон болуп, агротехникалык талаптарды так сактоого жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Долбоордун өзгөчөлүгү — анын көрсөтмөлүү (показательный) жана эксперименталдык мүнөзгө ээ экендигинде. Бул демилге дыйкандар үчүн үлгү болуп, заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.
Аталган аймак Бишкек–Ош унаа жолу боюнда жайгашкандыктан, долбоор кеңири коомчулукка жеткиликтүү болуп, айыл чарбадагы инновацияларды жайылтууда маанилүү ролду ойнойт.
Долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө.
Бул демилге тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу аркылуу сууну үнөмдүү пайдаланууга, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.