Дайыр Орунбеков “Кыргызнефтегаз” боюнча маалымат берди
Новость

"Кыргызстанда мунай казган “Кыргызнефтегаз” ишканасы 1952-жылдары түзүлүп, иштеп баштаган. Совет мезгилинде, казылган чийки мунай Өзбекстанга жөнөтүлүп, ал жакта кайра иштетилип бензин жана дизелдик күйүүчү май катары даярдалчу. Союз тарагандан кийин бул процесс токтоп, Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод жок болгондуктан, өндүрүш чектелген",- деп жазды президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына.

"1996-жылы ишкана өзүнүн туунду ишканасы — “Кыргыз Петролеум Компанини” түзүп, мунайды өлкө ичинде кайра иштетүүнү баштаган. Заводдун жабдыктары эски болгондуктан, мүмкүнчүлүк Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелдик күйүүчү майды өндүрүүгө гана жеткен. 

Кыргызстан Бажы бирлигине киргенден кийин өлкө евростандарттагы күйүүчү майга (Аи-92, Аи-95, Аи-98) өткөн. Бул күйүүчү май негизинен Россия Федерациясынан импорттолот. Натыйжада, жергиликтүү өндүрүштүн Аи-80 маркасындагы продукциясы ички рынокто суроо-талапка ээ болбой калган.

2021-жылдан тарта, “Кыргызнефтегаз” жана анын туунду ишканасы “Кыргыз Петролеум Компани” Камчыбек Ташиевдин таасиринде болуп, ишканага жээни Байгазы Матисаковду жетекчи кылып алып келет. Так ошол маалда коррупциялык схема түзүлүп, ири каржылык чыгымдар болгонун Салык кызматы иликтеп таап, айтып чыкты. Схема кандай ишке ашырылганын жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берейин: 

“Кыргызнефтегаз” казган чийки мунайды “Кыргыз Петролеум Компани” заводу кайра иштетип, өндүрүлгөн мунай продуктыдан киреше табышы керек болчу. Бирок бул эки ишкананын ортосуна Ташиевдин үй-бүлөсү тарабынан түзүлгөн жеке ортомчу компаниялар киргизилип, мунайды кайра иштетүү ошолор аркылуу өткөндөй көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө кайра иштетүүнү мамлекеттик завод аткарганы менен, даяр продукция ташиевдерге таандык компаниялар аркылуу башкаларга сатылып, негизги киреше мамлекетке эмес ташиевдерге түшүп турган.

Аи-80 бензини жана дизель ички рынокто колдонулбаса да, Ташиевдердин фирмасы - нефть менен иштеген жергиликтүү эки ири компанияга сатып, мажбурлап алдыртып келишкен. 

Басымдын таасири менен сатып алган компаниялар Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди Россиядан келген жогорку сапаттагы бензинге жана дизелге аралаштырып анан элге сатышкан. Муну, нефтрейдерлер “шакарап” деп атап коюшат экен. 

Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин, жогорудагы эки компания Аи-80 маркасындагы бензинди жана дизелди сатып алууну токтоткон. Учурда, “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын кампаларында күйүүчү майдын запасы топтолуп калган.

Ага байланыштуу, өкмөт жергиликтүү өндүрүштөгү Аи-80 маркасындагы күйүүчү майды жана дизелди экспорттоого убактылуу уруксат берди. Эми, “Джунда” жана “Кыргыз Петролеум Компани” ишканаларынан өндүрүлгөн Аи-80 маркасындагы бензин жана дизелдик күйүүчү май Тажикстан жана Афганистанга экспортко чыгарылып баштайт. Ал эми Россия Федерациясынан алынып келинген евростандарттагы күйүүчү май өлкөдөн сыртка чыгарылбайт.

Мамлекет, “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын модернизациялоону баштады, жумуш эки жыл ичинде аяктайт. Завод модерниазциялоодон өткөндөн кийин евростандарттагы күйүүчү майдын түрлөрүн чыгарып, ички талаптарды камсыздап баштайт!,-деп жазган Орунбеков.